• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Икрамов арак-шарапка «Манастагы» ысымдарды ыйгарууга тыюу салууну сунуштады

16 Үчтүн айы 201918:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.

Депутаты Тазабек Икрамов алкоголдук продукцияга «Манас» эпосунун каармандарынын атын ыйгарууга тыюу салууну сунуштады.

Икрамов «Манас» үчилтиги дүйнө шедеврлеринин катарында турарын, кыргыз элинин уникалдуу мурасы экенин баса белгиледи.

«Манаста, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтекте — чыныгы баатырлардын мүнөзү бар. «Манас» эпосу андагы окуялардын элдин тарыхын чагылдырганы менен да баалуу», — деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет спирт ичимдиктерине болгон көз карандылык менен күрөшүп келет, бирок алкоголдук продукция өндүргөн компаниялар көп учурда улуттук баатырлардын аты-жөнүн пайдаланып жүрөт. Депутат мындай көрүнүш жаштар идеологиясына терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 17