• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Икрамов: “Билим берүунүн отличниги” болуш үчүн бир гана мугалим болуп иштебеш керек

16 Үчтүн айы 2019 13:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV.

Депутат Тазабек Икрамов «Билим берүүнүн отличниги» наамын алган. Бул маалымат социалдык тармакта катуу талкууга түшкөн.

Бул боюнча депутат өз оюн билдирип, “Билим берүунүн отличниги” болуш үчүн бир гана эле мугалим болуп иштебеш керек экендигин айтты.

“Менин оюмча “Билим берүунүн отличниги” болуш үчүн бир гана мугалим болуп иштебей, ар тараптан салым кошуу керек. 50 жылдап 100 жылдап деле мамлекеттин айлыгын алып иштеп бирок, эч кандай бир өзгөртүү киргизбеген адамдар деле көп. Кылгын иштеримди түшүнүп, баалап билим берүу тарабынан мага берген бул сыйлыкка ыраазычылыгымды билдирип кетем. Чындыгында мен бул сыйлыкка муктаж деле эмес элем. Бирок, “жумурткадан кыр издеп” көп нерсени кылып жатышат”,-деди ЖК депутаты.

Эске салсак, «Билим берүүнүн отличниги» наамына талапкерлер үзгүлтүксүз жыйырма жылдык иш тажрыйбага жана министрликтин Ардак грамотасына ээ болушу керек.

Количество просмотров: 31