• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Иликтөөчү журналист Болот Темиров бийликке жооп берди

26 Чын куран 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кайрадан кайрылуу жасап, өзүнө козгогон кылмыш иштери, журналисттик ишмердүүлүгүнүн башталуусу тууралуу айтып берди. Темиров кайрылуусун Temirov LIVE Ютуб каналына жарыялады. Темиров өз кайрылуусунда өз ишмердүүлүгүн качан, кандай жол менен баштагынын айткан.

«Биздин башыбыздан өтүп жаткан бул сыноолор мага жана биздин командага сабырдуулукту үйрөтүп жатат. Буга чейин да мындай сыңары көрүнуштөр болгон. Кол салуулар, коркутуулар да болду. 2018-жылдан бери түрдүү сунуштар келип жатты. Бийик кызмат орундар, чоң акча, бийлик… Бирок мен өзүмдүн принциптеримди жана максаттарым бар экенин айтып, баш тартып келдим», — деп баштайт өз карылуусун Темиров.

Ал ошондой эле алгач КТРде иштеп баштап, андан соң кантип президенттин катчылыгында иштеп калганын айтты.

«Мен анда документтеримдин баарын тапшыргам, тиешелүү органдар аны тыкыр иликтеп чыгышкан. Ошол 2008-жылы мен жаш адис катары иштеп жүргөндө Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров жогорку кызматтарда отурушкан», — дейт Темиров.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек курган. Анда Жапаров «Камчыбек Ташиевдин уулдары тендерлерде удаасы менен утканы туурасында материал чыгары менен, аны даярдаган команда өкүлү журналист Болот Темировго үч кылмыш иши ачылганы, Темировду суракка чакырып баштаганы маалым болду. Бул өч алуу же журналисттерге кысым эмеспи?» деген суроого жооп берген. Президент журналисти жасалма документтердин негизинде паспорт алган деп айыптаган.

Количество просмотров: 305