• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Иликтөөчү журналисттер Бишкекте камалган кабарчыларды бошотууга чакырган өнөктүк башташты

12 Жалган куран 2024 9:18 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү бир катар маалымат каражаттары жана иликтөөчү журналисттер Бишкекте камакка алынган 11 кесиптешин бошотууга чакырган өнөктүк башташты.

Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Эстониядагы медиа кызматкерлердин видео кайрылуусун 11-мартта Братиславадагы Jána Kuciaka иликтөө борбору (ICJK) Фейсбукка жарыялады. Ушул күнү дагы бир катар өлкөлөрдөгү иликтөөчүлөр акцияга кошулушту.

Милиция 17-январда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген 11 журналистти кармаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал чечимди күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги аларды «жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган» деп айыптоодо. Камакка алынган журналисттер муну четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Количество просмотров: 142