• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны өттү

24 Жетинин айы 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын өткөрдү, анын курамына илим, экономика жана инновациялар тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда атамекендик илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери жана механизмдери, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга мүмкүн болгон кадамдар боюнча маалымат угулду.

Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле илим чөйрөсүндөгү көйгөйлүү аспектилерди да талкуулап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө атамекендик илимдин салымы жетишсиз экендигин белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан илимди өнүктүрүүгө болгон мамилени жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү чечим долбоору түзүлдү.

Мындан тышкары, жакынкы арада Министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 74