• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Илим Карыпбеков: “Алмазбек Шаршенович, Сооронбай Шарипович менен элдешүүңүздү каалайм”

28 Бирдин айы 2019 15:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.02.2019. Govori.TV

КТРКнын жетекчилигине талапкерлигин алган Илим Карыпбеков өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу өзү башкарган учурдагы КТРКнын жамаатына жана бир катар инсандарга ыраазычылык билдирген билдирүүсүн жазды.

Анын кайрылуусунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата да пикирин жазды.

“Алмазбек Шаршенович, сиз менен иштөө абдан оор болсо да, колдооңуздү сезип турчумун. Сиздин Сооронбай Шарипович менен элдешүүңүздү каалаганымды айтканмын. Сиздердин мамилеңиздер жөнгө салынат деп үмүт кылам. Сиздин командаңыз өзүңүз сыяктуу ачулуу, аракетчил,чечкиндүү болуп эле иштешпестен, ар дайым консенсус таап келген. Мен оор кырдаалга кабылган кезде даары дармек жаатында жардам бергениңизге терең ыраазымын”,-деп жазган Карыпбеков.  

Количество просмотров: 22