• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Илим Карыпбековдун ырдаганын уктуңуз беле?

24 Жалган куран 2019 7:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.03.2019. Govori.TV

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн инстаграм баракчасына ырдап жаткан видеосу менен элди таң калтырды. Ал видео менен өзүнүн инстаграм баракчасынан бөлүшкөн.

Карыпбеков түнкүсүн оттун алдында олтуруп эргүүгө батып ырдаган видеосун жүктөп:

«Чыныгы жашоо эми башталат! Жашоонун ар бир көз ирмеми керемет! Жашоодо жашаган кандай жакшы! Достор жөн гана жашоодон ырахат алгыла», -деп баяндама жазып жалпыга кутман кеч каалады.

Көпчүлүк катталуучулар «жакшы ырдайт экен», «азамат» деген пикирлерин билдиришсе, айрымдары «сен да ырчы болуп кет эми», «Атамбаев да кызматтан кеткенде ырдап чыкты эле» деген өңдүү сындарды айтышып жөн гана ырды да Карыпбековдун кызмат ордунан кеткени менен байланыштырып жиберишти.

Ал эми Илим Карыпбеков адаттагыдай эле сын-пикирлерге эч кандай жооп да берген жок пикирин да билдирген жок.

Эске салсак, 2019-жылдын 20-мартында мөөнөтү аяктаганына байланыштуу КТРКнын башкы директору кызматынан кеткен.

Булак: «Барометр»

Теги:
Количество просмотров: 17