Индиянын 13-октябрь күнү кыргыз ашканасынын жумалыгы старт алды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги жазды.
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жана “CD Foundation” фонду тарабынан уюшулган саамалык Нью-Дели шаарындагы “Hyatt Regency-Gurugram” мейманканасында өткөрүлүүдө.
Бишкектен барган ашпозчу Улан Байсырахманов жана Мухтар Батталгазы уулу индиялыктарга Кыргызстандан алынып келинген азык-түлүк жана жер-жемиштерден түркүн тамактарды жасап сунуштап жатышат. Конокторго өзгөчө буурчак, баклажан кошулган салаттар, куурулган жашылчалар жакты. Ошондой эле, куурдак, оромо, дымдама жана башкалар да жасалган», — деп айтылат маалыматта.