• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Интерполдун издөөсүндө жүргөн Чүй облусунун жараны кармалды

14 Жалган куран 2019 17:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV

Эл аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун бир нече жолу соттолгон тургуну Казакстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын март айында Алматы шаарынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган А.Б. аттууну кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

«Чүй облусунун 1971-жылы туулган А.Б. аттуу жашоочусу мурда тоноо, карактоо, өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, адамды уурдоо, опузалап талап кылуу беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон. Ошондой эле, ал криминалдык дүйнөдө “Смотрящий” макамы менен таанымал. Жаза мөөнөтүн К. Көлбаев менен бир камерада өтөгөн. 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн А.Б. аттуу жаран азыркы учурда Казакстан Республикасынын мыйзамсыз берилген паспортун колдонуу менен Алматы шаарында жашырынып жүрөт деген такталган маалымат алышкан. Ушунун негизинде КМКнын УККБнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюрмасы менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарына командировкага жөнөп кетишкен. 2019-жылдын 8-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте эл аралык издөөдө жүргөн А.Б. аттуу жаранды кармашкан. Кармалган жаран абакка киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 36