Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV
Буга чейин КСДПнын кайсы бир мүчөсүн же фракция лидерин партия тизмесинен чыгаруу боюнча талаш жүрүп келсе, бул саам партиянын кезектеги жыйынын чакыруу боюнча талаш кызыды. КСДПнын мүчөлөрү партиянын жыйыны 6-апрелде болот десе, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов баштаган топ жыйын 3-апрелде өтөт деп жатат.
Би-Би-Синин суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жооп берип жатып Иса Өмүркулов төмөнкүлөргө токтолду:
“Эгерде менин сөзүмө ишенсеңер ал төрагалыктан кетип, катардагы депутат болуп келгенден баштап, менин жанымда отурат. Бирок, саясый маселе боюнча сүйлөшкөн жокпуз”,-деди Өмүркулов.