• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Иса Өмүркулов: Мыйзамга өзгөртүү киргизүү революцияга алып келүүсү мүмкүн

16 Үчтүн айы 201916:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.

“Конституцияга өзгөртүү киргизе койсок эле жашоо өзгөрүп кетет дегенден алысмын”,- деген оюн ЖК депутаты Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, буга чейин өзгөртүүлөр болгонун жана алар эч кандай таасир бербегенин тескерисинче эки революцияга алып келгенин айтып өттү.

«Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн бары бийлик менен байланыштуу болуп келген. Бийликтин мөөнөтүн узартуу, президенттик шайлоонун мөөнөтүн узартуу планында өзгөртүү болуп келген. Канча өзгөртүүлөр болду. Ошонун бири таасир берген жок. Тескерисинче эки революцияга алып келди. Бүгүнкү күнү ар бир өкмөт мүчөсү өз милдетин так аткарам десе мыйзам жол берет. Азырынча ушул башмыйзам менен эле иштей берүүбүз керек»,-деди Иса Өмүркулов.


Кошумчалай кетсек, конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өтүп, анда бул маселе боюнча референдум өткөрүү сунушталган.

Теги:
Количество просмотров: 20