• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Исхак Масалиев камактагы Жеңиш Молдокматовго кайрылды

4 Баш оона 2021 16:48 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Исхак Масалиев ачкачылык жарыялаган камактагы Жеңиш Молдокматовга кайрылуу жасап, Фейсбуктагы өздүк баракчасына билдирүү калтырды.

«Жеңиш иним, ачкачылыкты жарыялап чындык үчүн күрөшүп турасын. Өткөн жылы, октябрь айында борбордук аянтта эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына каршылык көрсөткөн. Натыйжада бир топ бийликке келди. Алар башкарууда. Иним, ачкачылыкты токтоткун деп суранам,буларың түшүнбөйт. Сен жашсын, келечегиң бар, башка жол менен аракеттерди жүргүзсө болот. Кылган аракеттерин Ак. Жамандык ээсине кайтат. Ага катары кайрыламын Жеңиш», — деп жазган ал.

Эске салсак, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов 27-июлда ачкачылык жарыялаган. Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Молдокматовго өткөн жылдын октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында башаламандык уюштурган” деген кине коюлган. Биринчи май райондук соту Молдокматовду 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 765