Иштамберди кенин жергиликтүү тургундар өз алдынча казып кармалышты
Иштамберди кенин жергиликтүү тургундар өз алдынча казып кармалышты
27 Бирдин айы 2018 12:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV.
20-февраль түнү Иштамберди кенинин “Горный” деп аталган шахтасына Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүгө чамалуу тургуну келип, өзүмбилемдик менен кен казышканын белгилүү болду.
Бул багытта Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү ишин жүргүзүп, шахтага баргандардын автоунаалары атайын жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Өз алдынча алтын кенин казган жумушчулар сурак берүүдө.
Кенди милиция кызматкерлери кайтарып турат.
Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 400гө чукул адам иштейт
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …