• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Орусияга алма ташып баштады

6 Аяк оона 2018 15:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Экс-депутат Өмурбек Абдрахманов Орусияга алма ташып баштады. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн фейсбук баракчасына чыгарган.
Анда, 20 тонна алма жүк ташуучу унааларга салынып жаткандыгын жана 3 күндөн кийин россияда болоорун айтып жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин саясатчы Өмүрбек Абдырахманов Италия алма багы түшүм берип, чет өлкөлөргө экспорттоп баштаганы жөнүндө маалымат айтылган.

https://www.facebook.com/omurbek.abdyrahmanov/videos/1807613549359770/

Эскерте кетсек, Өмүрбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты.
Ал мурун эмеректерди сатып эмгектенгени боюнча белгилүү болгон. Депутат болуп турган кезде парламентке Италиянын дивандарын алып келип саткан. Бирок бул маселе чырга айланып, дивандар Италиядан эмес, Кытайдыкы болгонун, депутаттар айтып чыккан, ошондой эле Абдрахмановдун дивандарынын баасы жогору көрсөтүлгөн деп Эсептөө палатасы бир нече жолу текшерүү жүргүзгөн.
Количество просмотров: 39