• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Йылдырым баштаган түрк делегациясы “Ата-Бейитке” барды

7 Бештин айы 2018 14:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018.Govori.TV.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым баштаган парламенттик делегация бүгүн, 7-декабрда Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. Анда делегация мүчөлөрү 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшту. Андан тышкары маркумдардын арбагына багышталып куран окулду. Иш-чарага төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.
Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен 6-декабрда келген. Сапардын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Количество просмотров: 29