• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Көчөдө аялын сабаган жаран кармалды

10 Жетинин айы 202123:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы соода борборунун бириндеги унаа токтотуучу жайда аялды сабаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган 1993-жылы туулган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, буга чейин окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен бирдиктүү реестрге катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 277