• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күйөөсү сакалчан аялы менен сыймыктанчу

12 Жалган куран 2019 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

Казакстандын тургуну Мухтабар Тораева 35 жылдан бери сакалы менен мурутун алган эмес. Бул тууралуу Корреспондент.net булагында маалымдалат.

70 жашка келген байбиченин сакалы 34-35 жаштарында кандайдыр бир себеп менен өсө баштаган жана кийинчерээк мурут чыккан. Тораева буга анча деле таң калган эмес, анткени анын апасында да, чоң апасында да ушундай сакал мурут болгон экен. Сакалы өскөн кезде аял эбак үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп калган.

Тораеванын сакалы-мурутун жолдошу колдоп, “мындай аял эч кимде жок” деп мактанып, сыймыктанып турган. 

Аял бир да ирет сакалын алууга аракет кылган эмес.

Учурда пенсионердин сакалы 16 сантиметрге жакын болуп өскөн жана балдары да, неберелери да сакалчан апасы менен сыймыктанарын айтып келишет.

Булак: “Барометр”

Теги:
Количество просмотров: 10