Кечээ, 21-мартта «Нооруз-2024» көк бөрү турниринин финалы Чуй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы ипподромдо өттү.
Анда талкууга алынган учур болуп, айрым күйөрмандардын көк бөрү оюнун жакшыраак көрүү үчүн жасаган жосунсуз жоруктары болду.
Социалдык тармактарга тараган кадрларда күйөрмандар көк бөрү оюнун көрүү үчүн катар тизилген био-дааратканалардын үстүнө чыгып кетишсе, белгисиз жаран атайы сахнанын конструкциясынын үстүнө чыгып кеткен.
Видеолордон милиция кызматкери анын аракетин токтотууга аракет кылганын, андан кийин жигит жерге түшүп качып кеткенин көрүүгө болот.