• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күн мурун Бишкектин көчөлөрүнө орнотулган бетон тосмолор алынды

22 Чын куран 2020 20:25 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Бишкектин аймагындагы көчөлөргө орнотулган бетон тосмолор алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкектин комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин комендатуранын басма сөз кызматы 21-апрелде Бишкектин аймагындагы көчөлөргө бетон тосмолор орнотулганын маалымдаган болчу.

«Кырдаалды анализдөө менен жарандардан күнүнө 500дөн ашык тез жардам кызматына чакыруулар келип түшөрү аныкталды. Орнотулган тосмолор тез жардам жана башка куткаруу кызматтарын чектөөгө жол бербөө үчүн мындай чечим кабыл алынды. Коменданттын бардык иш-аракеттери жарандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна багытталган», — деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Количество просмотров: 2654