• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы.  Башпрокурордун башы шылкыйды. Дастан Догоев эмнеден жазды? “Жай чарбага” айланган айыл-чарба министрлиги

15 Бирдин айы 2018 18:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
Башпрокурордун башы шылкыйды
Кечээ эле Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Нормативдик-укуктук  Акт боюнча прокурратура органы жарандардын укугун коргоп, кенедей мыйзам бузуулар үчүн тикесинен тик турган, жалпы жарандардын укуктарынын сакталышы үчүн күрөшө турган орган. Бирок, тилекке каршы, бизде прокуратура-күнөөлөп-жазалоочу органга айланып калды”,-деп айткан эле.
Бүгүн болсо өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков КРнын башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алып, өтөкн жумадагы Коопсуздук Кеңешинде айтылган маселелер боюнча жаңы тапшырмаларды берди. Сөз арасында ал “Прокуратура органдарынын тынымсыз текшерүүлөрү ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, ишкерлерди жүдөтүп жатат. А прокуратура болсо текшерүүлөрдү өз бизнесине айлантып алды.  Ошондуктан, органдын ишин дагы бир жолу карап чыгууну, коррупциялык, мамлекеттик же муниципиалдык менчикти уурдаган фактылар боюнча баардык кылмыш иштерин кайрадан инвентаризация кылууну тапшырам. Ар бир прокуратура кызматкери өз ишинен натыйжа көргөзүшү керек. Погондуу тоноочу болууга эми жол бербейбиз” таризинде катуу талаптарды койду.

Ошондой эле ал Индира Жолдубаевага катуу эскертүү берип, жөнсүз текшерүүлөрдү тез арада токтотуп, коррупциялык аракеттерден тазалануусу керектигин кошумчалады. Ал бул туурасында  Коопсуздук Кеңешинин жыйынында да айтып, прокуратура өз ишин жөндөй албай жатканын айтып, жетекчиликке 6 ай убакыт берген болчу.
Албетте, президенттин жана коомчулуктун сындарына Индира Жолдубаеванын башы жер карап, органдагы баш аламандыктын бар экенин мойнуна алгандай болуп турду. Себеби, чындап эле бүгүн прокуратура жарандардын үстүнөн кылмыш козгоодо жана аны териштирүүдө мыйзамдарды одоно бузуп, ал турсун соттук отурумдарда ойго келбеген жазалоолорду сунуш кылган фактылар миңдеп саналат. Мисалы, кечээ эле ММКларга Япониялык кайрымдуу адамдын Президентке карата кайрылуусу жарык көрдү. Анда ал миллиондогон сомдорду жумшап, өлкөдөгү көзү азиздерга кам көрүп жатса, анын ишеничине кирген кыргызстандык айым иш жүзүндө аларды алдап, сызга отургузганы баяндалат. Тергөө органдары болсо козголгон кылмыш ишиндеги беренелерди алмашырып, жеңилдеүүнүн аракетин кылган. мына ушундай фактылар үчүн Индира Жолдубаеванын жоопкерчиликтүү мамилеси керек экени айтпаса да түшүнүтүү…
Дастан Догоев эмнеден жазды?
Кечээ, жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле, кечке маал КРнын мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев өз арызы менен кызматынан кетти. Өкмөт башчы Сапар Исаков дагы анын арызын  күтүп тургандай дароо кабыл алып, ордуна бул мекемеде мурда жетекчи болуп иштеп кеткен Алина Шаикова аттуу айымды дайындаган буйрук чыгарды. Албетте, мурдагы жетекчи өз арызы менен, себептүү шарттар менен кызматын тапшырганын айтканы менен чагылгандай бул кадрдык алмашуу коомчулукту көп ойлонудурууда.
Анткени, Дастан Догоев азыркы кызматка учурдагы Өкмөттүн курамынан мурун эле дайындалып, бир топ ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган.  Биометрикалык паспортту киргизүү, биометрикалык шайлоону өткөрүү,  жарандык документтерди электрондоштуруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүү сыяктуу иштерде мыкты иш алып барып, эң жаш жетекчи катары кадыр-баркы бар болчу.  Ушундай кадрды “Өкмөткө жалаң прогрессивдүү жаштарды алып келдим” деген Сапар Исаковдун кызматтан алышында чындап эле табышмак бардай…

Ал арада биздин өздүк булактар, Дастан Догоев өткөн жылдагы президенттик шайлоону өткөрүүдө жарандардын бирдиктүү базасынын кимдир бирөөлөр тарабынан колдонулушуна жол бергендиги үчүн кетти деген да жоромолду айтышты. Тагыраагы, өткөн жылкы шайлоодо шайлоочулардын жеке маалыматтары сакталган серверлер “Samara.kg”  аталган сайттын администраторлору тарабынан ачылгандыгы тууралуу “Клооп. кейжи”  маалыматтык ресурсу иликтөө жарыялаган. Өкмөт бул боюнча кызматтык иликтөө жасап, натыйжада, андагы маалыматтардын чындыкка жатпаганы айтылган болчу.  Балким, чындап эле бул божомол туура чыгып калышы мүмкүн…
“Жай чарба” болбойт!
“Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде учурда 5280 адам иштейт. Биз азыр функционалдык милдеттерин карап жатабыз. Бүтүп калды. Болжол менен 500дөн ашуун кызмат орду кыскарат”. Бул сөздү ЖКдагы Өкмөттүн  жазгы талаа иштерине даярдыгы каралып жатканда Премьер-министр Сапар Исаков айтты.
“Бирок, бул кыскартуу ишке зыянын тийгизбегидей кылабыз. Бир топ нерселер эски бойдон кала бериптир. Ал жердеги ар бир кызматынын аткарган ишинен натыйжа чыга турган абалга алып келебиз. Алардын айрымдарынын ишин жер-жерлердеги өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматчылары да аткарат”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, депутаттар ар дайым Айыл-чарба министрлигинин ишин сынга алып, бул органдын ишине ичтери чыкпай келет. Анткени, бул министрликти кармоого бюджеттен олчойгон каражат кеткени менен жарытаарлык иш жок. Кыргызстан ЕАЭБке мүчө катары, айыл чарба азыктарын уюмга мүчө мамлекеттерге экспорттого жолу ачык туруп, келишимдеги талаптарды аткарып, сыртка продукция чыгара албай келе жатканына үч  жылга чукул убакыт өттү.  дыйкан, фермерлерге шарт түзүп берүү, айыл чарба азык-түлүктөрүнө мониторинг жасап, сырттан келген инвестицияларды даректүү пайдаланууда көп кемчиликтер бар. Ушундан улам өкмөт чындап эле министрликти реформа кылууга убада берип турган чагы.
Ал арада бажы биримдигине кирген “бир боорлор” эмес, Өзбекстан мамлекети Кыргызстандын жашылчча-жемиштерине кызыгып, быйылкы жылы 500 000 тонна картошка алаарын убада кылганы бул министрликтеги жалгыз жакшы жаңылык болуп калды окшойт…
Количество просмотров: 43