КЕМПИР-АБАД: БИЙЛИК ЖЫЙЫН КУРДУ
Бүгүн, 20-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрү, жарандык активисттер, чек арадагы аймактан келген жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга болжол менен 200гө чукул жаран чакырылган. Алардын арасында эл өкүлдөрү, жарандык активисттер, чек арадагы аймактан келген жергиликтүү тургундар дагы бар. Саат 10:00гө белгиленген жолугушуу дээрлик 4 саатка созулду. Ал жабык өтүп, катышуучулар ага телефонсуз киргизилди. Активист Тилекмат Куренов жыйындан чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирди.
Ошол эле учурда бүгүнкү жыйынга купулу толгондор дагы болду.
Ал эми журналист Канышай Мамыркулова президент жолугушууда маанилүү нерсени айтканын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы айтылган болчу.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.
АЙДАРБЕКОВ ТӨРАГАЛЫКТАН АЛЫНДЫ
Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан чакыртылып алынды. ЖК жыйынында аны төрагалыктан чакыртып алуу жөнүндө Токтом долбоору добушка коюулуп, аны 43 депутат колдоп, 16 депутат каршы добуш берди. Ал арада сөз алган депутат Адахан Мадумаров, кабыл алынган чечимге нааразы пикирин айтып, «тарых кийин өз баасын берет» деген пикирин айтты.
Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков «каршы» деп добуш берсе, «макул» деп катталып калганын айтып, оңдоп коюуну суранды.
Бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештеги беш фракциясынан Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алуу өтүнүчү түшкөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кесиптештеринин кабыл алган чечими тууралуу өзүнүн төмөнкүчө оюн билдирди.
Чыңгыз Айдарбековдун ордуна комитеттин төрагалыгына депутат Улан Примов сунушталып жатканы белигилүү болду.
Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү.
ДЕПУТАТТАР БАТКЕНГЕ КӨҢҮЛ БУРУУГА ЧАКЫРЫШТЫ
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында жергиликтүү тургундар ар кандай маалыматтарды айтып кайрылып, тынчсызданып жатышат.
Бул боюнча депутат Балбак Түлөбаев дагы маселе көтөрүп, эки өлкө ортосундагы мамиленин бузулушу башка кошуна өлкөлөргө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Ал эми депутат Камила Талиева ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин белгилөө менен, алдын алуу иштери ашыкча бобос экенин билдирди.
Эске салсак, 19-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарган. Билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылган. Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилеген. Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталган”,- деп билдирген.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган.
АКТИВИСТ КАМАКТА КАЛДЫ
Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо жаатында иш алып барган алты уюм камактагы активист Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошту. Анда укук коргоочулар бийликти Жекшеналиевди бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан. «Жарандык кеңеш» бирикмеси, Кылым шамы», укук коргоо уюму, «Смарт Жаран» бирлиги, «Адилет» укуктук клиникасы, «Институт Медиа Полиси» жана «Жарандык демилге» коомдук фонддору кол койгон кайрылууда активисттин иши толугу менен саясий мүнөзгө ээ экени белгиленген.
Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. 10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жекшеналиевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга , 14-декабрга чейин узарткан. Сот анын ден соолугуна байланыштуу даттануусун четке каккан.
Ал эми бүгүн дагы бир камактагы активист Адилет Балтабайдын иши сотто каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын абактагы мөөнөтүн 23 -декабрга чейин узартылды.
Эске салсак, социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек “Массалык баш аламандыктар” беренесине шек саналып июнь айынан бери камакта. Ага Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн иш козголгон.
ДЕПУТАТ МЭРИЯНЫ СЫНГА АЛДЫ
Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриясынын ишин сындады. Депутаттын айтымында, калаада алгылыктуу иштер жасалбай жатат.
Түлөбаев шаардын абалы начарлап бара жатканын белгилөө менен бөлүнгөн акча каражаттар тийиштүү багытта сапталбай жатат деген божомолун кошумчалады.
СНХ: Балбак Түлөбаев ЖК депутаты
Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп 2020-жылдын 27-октябрында дайындалып, 2021-жылдын 8-февралында кызматтан кеткен.