• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ак үйдө өрт чыкты. Курултай эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло алабы?

25 Жетинин айы 2022 18:44 Бишкек Govori.TV

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда Элдик курултай башталды. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулат. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар келген. Президент Садыр Жапаров биринчи Элдик Курултайда жарым сааттык сөз сүйлөдү. Анда ал курултай — мамлекеттик башкаруунун адилеттүү институту экенин айтты. Ошондой эле Жапаров жыйында Кемпир-Абад маселесине дагы токтолду. Анда аталган суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды сынга алды.

Өлкөнүн булуң-бурчунан келген делегаттар президенттин алдына орчундуу көйгөйлөрдү айтышты. Алардын бири мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева өлкө парламенттик башкарууга кайтышы керектигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент жакын арада элдик курултайдын статусу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун карай турганын кошумчалап өттү.
Белгилей кетсек, эки күнгө созулат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилерин кошкондо 1400 киши катышууда. Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

АК ҮЙДӨ ӨРТ ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин имаратына бүгүн 25-ноябрда өрт өчүрүүчү адистер жана милиция кызматкерлери тартылды.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жогорку Кеңештин имаратынын жер төлөөсүнөн өрт чыккан.

Өрт тууралуу маалымат айтылган соң ЖКдагы баардык кызматкерлер сыртка чыгарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайы боюнча маалымат таратты.

«Ачык өрт болгон эмес, түтөп баштаган. Стратегиялык имарат болгондуктан жерине 6 өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүшкөн. Жабыркагандар жок. Себеби такталып жатат», — дешти ӨКМден.

ЖӨӨ ЖҮРҮШ ӨТТҮ

Бишкек шаарында эркиндик үчүн тынчтык акциялар өттү. Ага журналисттер, активисттер жана кайдыгер эмес жарандар катышты.

Акцияларда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлду.

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын карап, Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болгон.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «куугунтук» деп баалоодо.

Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

УКУК КОРГООЧУ АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага сот 3000 сом айып салды. Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочунун ишин карап, ага айып салуу чечимин кабалы алды.
Бүгүнкү отурумда окуяга катышкан милиция кызматкерлери күбө катары сурак беришти. Алар окуя болгон учурда кызматтык милдетин мыйзам чегинде аткарганын, эреже бузбаганын айтышты. Абдирасулова аны кармап кетүүгө милициянын укугу болбогонун, мыйзам бузбаганын билдирди жана далил катары сотко видеотасмаларды өткөрүп берди.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүшүнө каршылар топтолуп турган. Ал жерге байкоо салуу үчүн барган Абдирасулованы милиция кызматкерлери күчтөп алып кетип жатышкан видео интернетте тараган.
Аны менен кошо кармалган активист Сапар Аргымбаев экөөнө Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси (“Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө”) менен протокол толтурулган.

Количество просмотров: 946