• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын экөө абактан чыкты. Бейөкмөт мыйзамын ЖК карап баштайт

23 Кулжа 2023 19:01 Бишкек Govori.TV

“КЫРГЫЗФАРМАЦИЯГА” КАРАЖАТ БӨЛҮНДҮ

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.

КЫРГЫЗСТАН ТИК УЧАК АЛДЫ

Бүгүн, 23-июнда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн базасында МИ-17 тик учагын өткөрүп берүү аземи өттү. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, тик учак Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Россиянын «Рособронэкспорт» АКнын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде алынган.

Аземдин жүрүшүндө коргоо министри белгилегендей, көп максаттуу МИ-17 тик учагы КР Куралдуу күчтөрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүктү жогорулатат.

Учуучу техника Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноо учууларын өткөрүшкөн. Тик учак Кыргызстанга Ил-76 самолету менен жеткирилген.

Белгилей кетсек, аталган техниканы сатып алуу үчүн каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

БЕЙӨКМӨТ МЫЙЗАМЫ ЖКДА КАРАЛАТ

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карайт.

Парламенттин сайтындагы маалыматта комитет жыйынында мыйзамдын демилгечиси жана автору Надира Нарматова баяндама жасай турганы жазылган.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна ылайык, «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

«Чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан каржыланган жана чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандагы саясий иштерге катышкан бейөкмөт уюм эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм» деп аталат.

Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектейт деген жүйө менен бир катар эл аралык уюмдар, элчиликтер, медиа уюмдар, бизнес коомчулугу жана жарандык коом бийликти мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып, кайрылуу-билдирүүлөрдү жасаган. Апта башында Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштаган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышты.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: СОТТУК ОТУРУМ УЛАНДЫ

Бүгүн, 23-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угууну жабык каралды.

Белиглей кетсек, жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгону белгилүү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

ЗОРДУКТООГО АРАКЕТТЕНГЕН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкекте автоунаасында кызды зордуктоого аракеттенген деп 29 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.

Милициядан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоого аракеттенүү” беренесинин негизинде 1993-жылы туулган Б.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, соцтармактарда видео тарап, анда жолдун четинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда аял эркек кишиге каршылык көрсөтүп, унаадан кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми аны кармап, колун кайрып жерге жаткырган бейтааныш киши шымынын курун тагып жатканын байкаса болот.

22-июнда Kaktus.Media басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, кызды зордуктоого шектелген киши Жаратылыш ресурстарын коргоо министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы болгон Бекбатыр Бузурманов экенин жазган.

МҮЙҮЗДӨРДҮ МЫЙЗАМСЫЗ ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРУУ АНЫКТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сайгактын 845 даана (160 килограммдан ашык) мүйүзүн Кыргызстан аркылуу Кытайга аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандар кармалганын кабарлады.

Дайындалган эксперттер бул мүйүздөр татарика породасындагы сайгактыкы экенин аныктаган. Анын негизинде кылмышка шектүүлөр камакка алынган.

Учурда шектүүлөр суракка алынып, бул ишке катышы бар башка адамдарды да кармоо чаралары көрүлүп жатканы маалымдалды.

УКМК мыйзамсыз аңчылык кылгандар, анын ичинде өзгөчө «кызыл китепке» кирген жаныбарларга аңчылык кылгандар мыйзамга ылайык жазык жана административдик жоопко тартыларын эскертет.

Өткөн кылымдарда жапырт аңчылык кылуунун кесепетинен сайгактар өтө азайып кеткен. Мындан улам «жок болуп кетүү коркунучу бар» деген макам менен сайгактар «кызыл китепке» киргизилип, коргоого алынган.

Учурда сайгактар Казакстан талааларын, Батыш Монголиянын тоолорун, Өзбекстан талааларын жана Орусиянын Астрахан облусу жана Калмыкия аймактарын байырлап келишет.

Количество просмотров: 164