• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: “Комитет 93” жаңы Конституцияга каршы. Батукаевди бошотту делген Атамбаев акталабы?

30 Жетинин айы 2020 18:52 Бишкек Govori.TV

93-ЖЫЛКЫ КОНСТИТУЦИЯГА КАЙТУУ СУНУШУ

Бүгүн, 30-ноябрда “Конституциялык кризистен чыгуунун жолдору”  аталышындагы тегерек стол уюштурулду. Ага Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Искак Масалиев, Максат Кунакуновдор катышТЫ.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ МАСАЛЕСИ ТАЛАШ ЖАРАТТЫ

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешмеде курултай маселеси талаш жаратууда. 30-ноябрда кеңешменин мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов курултай институту тууралуу долбоорун сунуш кылгандардын арасында бирдиктүү концепция жок экенин сынга алып, укуктук жана жарандык коомго умтулган өлкө бир улутка басым жасабашы керектигин белгиледи.

САДЫК ШЕР-НИЯЗ ТАЛАПКЕРЛИГИН АЛДЫ

Президенттикке талапкер болуу боюнча арызын берген Садык Шер-Нияз чарыштан чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасындаөтүп жаткан түз эфир учурунда билдирди. Анын айтымында ал буга чейин Садыр Жапаров менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашкан.  Мурунку депутат кошумчалагандай, экөө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында дасторкон үстүндө сүйлөшүштү.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

30-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан 5 киши каза болгон. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Талас облусунун  жана  Чүй менен  Ош облустарынын   бирден тургуну болчу. Муну менен жалпысынан көз жумгандардын саны 1251 адамга жетти.

ОКУУ ЖАЙЛАР ЖАҢЫ ЖЫЛДАН КИЙИН ИШТЕЙТ

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу билдирди.

АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ ЖОГОРКУ СОТКО ЧОГУЛДУ

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку соттун имаратынын алдына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Чогулган тарапташтары соттук отурумда ачык өтүүсүн талап кылышууда. Бүгүн чогулгандардын арасында депутат Ирина Карамушкина, Атамбаевдин балдары — Сеид Атамбаев жана Алия Шагиева бар.

 “КАРКЫРА” УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

Бүгүн, 30-ноябрь кечки саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Количество просмотров: 536