• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өлкөдө коронавирустан бир адам көз жумду. Дүйнөлүк банк КРге каражат бөлдү

3 Чын куран 2020 20:53 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: 1 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинини басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган.

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ 14 УЧУРУ КАТТАЛДЫ

3-апрелде жалпысынан 14 жаӊы учур аныкталды. Ошентип коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 130га жетти. Алардын учурдагы абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министри аалымат берип, 4 жаран жандандыруу бөлумүндө экенини билдирди.

ДҮЙНӨЛҮК БАНК КЫРГЫЗСТАНГА АКЧА БӨЛДҮ

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 12,15 миллион доллар бөлдү. Мындай чечим банктын Директорлор кеңешинде жактырылганын уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 3-апрелде кабарлады.

КОМЕНДАНТТЫК СААТ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Өткөн суткада Бишкек шаарында коменданттык сааттын талаптарын бузган 53 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 43 эркек, 10 аял.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ДАЯРДЫГЫ КАНДАЙ?

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алып тестрилөөнүн мөөнөтү узартылды.

Количество просмотров: 372