• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өлкөгө кээ бир кытай жарандары визасыз кире алат. Ата-энесин бакпагандар камалабы?

11 Тогуздун айы 2023 20:29 Бишкек Govori.TV

ПАРЛАМЕНТТИН ЭРТЕҢКИ ЖЫЙЫНЫ БОЛБОЙТ

Эртең, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны болбойт. Парламенттин 11-октябрдагы жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин башчыларынын саммитине байланыштуу Министрлер кабинетинин мүчөлөрү бош эместигин, жыйынга катыша албай турганын белгиледи.

Ал 12-октябрга белгиленген маселелерди кийинки жумага жылдырууну сунуштады. Анын сунушун 66 депутат колдоду.

Белгилей кетсек, эртең, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Сапар учурунда Путин Канттагы Орусиянын авиабазасына жана Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барат.
Ал эми 13-октябрь күнү Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.
Буга байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү белгилүү бир убактарда жабык болот. Шаардык транспорттун каттамы өзгөртүлүп, окуу жайлар, мектептер эки күн онлайн режимге өтүшөт. Бала бакчалар иштебейт.

ГОНКОНГ МЕНЕН МАКАОНУН ТУРГУНДАРЫНА ВИЗАСЫЗ РЕЖИМ…

«Бир алкак, бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан-Кытай» достук коомунун салтанаттуу жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маанилүү билдирүү жасады, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Байсалов достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында Кыргызстандын министрлер кабинети Кытай Эл Республикасынын жарандары – Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режимди киргизүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Ал кошумчалагандай, АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары да бул жеңилдиктен пайдалана алышат.

Бул чечим Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган кадам болуп саналат.

АТА-ЭНЕСИН ТАШТАГАНДАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Үйбүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.

Ал эми депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, быйыл 6 айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдан балдарынан алимент өндүрүү боюнча арыздар катталган.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.

САТЫБАЛДИЕВ БАКИЕВ МЕНЕН ЭМНЕГЕ ЖОЛУККАН?

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков ЖК төрагасы менен биргеликте Белоруска болгон сапарынын алкагында качкын президент Курманбек Бакиев менен жолукпаганын билдирсе, ал эми депутат Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен Беларуста жолукканын билдирип, анын себебин айтып берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин делегациясы өткөн жумада Минск шаарына барган. Көп өтпөй социалдык тармактарда Шакиев депутаттар Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков болуп Бакиев менен жолуккан деген маалымат тараган. 

Ал эми төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган.  

Кошумчалай кетсек, Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып, учурда ошол жакта жашайт. Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.

КӨЛБАЕВДИН ТОБУНА ТИЕШЕСИ БАР ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ

11-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти «бир катар компаниялардын жүк ташуу жана логистика боюнча ишмердүүлүгүнө тартылган, ошондой эле «жалпы фондго» салык чогултууга катышкан».

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК кармалган адамдын инициалын гана таратты. Расмий маалыматтар боюнча, Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти – Ахрор Хикматиллаевич Иминов.

Бул арада атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, «Казбек кара» деген ат менен белгилүү К.С. Билалов жана ушул эле кылмыштуу топко тиешеси бар П.О.В. аттуу жаран кармалганы кабарланды.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу», «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Кылмыш жасоого аракеттенүү» беренелеринин негизинде иш козголуп, «Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү» кармалган.

«Кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

Количество просмотров: 232