• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шаар кайрадан карантинге жабылса эл кантет? Жөн жаткан элди «фейк» мыйзамы козгоду

25 Кулжа 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 25-июнга карата 228 адам жугузуп алган. Муну менен өлкөдө тажы илдетин 3954 адам жуктурду.

ПРЕЗИДЕНТТИН АНАЛИЗИ ТАЗА ЧЫКТЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

ДАГЫ ЭКИ ДЕПУТАТТАН КОРОНАВИРУС ТАБЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, инфекция жуктурган депутаттардын ысымдарын атоого болбойт. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалымат. Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Белгилей кетсек, буга чейин эки депутаттан жана аппараттын төрт кызматкеринен коронавирус аныкталганы айтылган. 

ШААР КАЙРАДАН КАРАНТИНГЕ ЖАБЫЛАБЫ?

Өлкөнүн айрым аймактарына кайрадан өзгөчө абал киргизүү маселеси көтөрүлдү. Мунун менен катар коомчулук кайрадан чектөөлөргө даярбы деген суроо пайда болду. Тарап жаткан вирусту ооздуктоо үчүн сөзсүз эле чектөөлөрдү киргизүү керекпи?

ЖӨН ЖАТКАН ЭЛДИ «ФЕЙК» МЫЙЗАМЫ КОЗГОДУ

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору соңку күндөрү социалдык тармактарда коомчулукта кызуу талкууланып, бүгүн Жогорку Кеңеште да кайчы пикир жаратты. Ал эми жарандык активисттер аталган мыйзамга каршы ак үйдун алдына митингге чыгышты.

 РЫСАЛИЕВ ЖЭЭНБЕКОВДУ МАНАСКА ТЕҢЕДИ

БОКС: Бүгүн, Парламенттин жалпы жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев сөз сүйлөп, Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал жөө турган баатырлардын эстелигине ат мингизүү керектигин сунуштап, мындай көрүнуш  чоң намыс жана уят иш экенин айтты. Рысалиев бул тууралуу президенттин жеке өзүнө айтуу үчүн жолугууга аракет кылып, бирок жанындагылар жолуктурбай койгонун кошумчалады. Муну менен катар Рысалиев Президент Сооронбай Жээнбековду Манас атанын ордуна Манассыз деген оюн айтты.

БАНК ТОНООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

«Керемет» банкын тоноого шектүү катары 1975-жана 1983-жылы туулган эки эркек киши кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Кылмышка шектүүлөрдөн далил буюм катары номерлери өчүрүлгөн эки курал жана банкты тоноо окуясындагы видеодо көрсөтүлгөндөй кара түстөгү спорттук булгаары баштык, баш кийим, балка, ачкыч жана башка  далилдүү буюмдар табылган.

Количество просмотров: 1615