• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаакташкан Жапаров менен Атазов. Кош бойлуу блогердин кармалышы чуу жаратты

4 Жетинин айы 2022 18:52 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН АТАЗОВДУН АЙТЫШЫ

Бүгүн, 4-ноябрда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайым айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  шаардагы жолдордун абалына токтолуп, “Борбор калаадагы көпүрөлөргө көңүл бурасыңарбы?” деген суроо салды.

Депутаттын суроосуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жооп берди.

Өкмөт башчынын жообуна депутат «жергиликтүү бийлик иштебей жатса биз депутаттар күнөөлүбүзбү?» деген суроо узатты.

Акылбек Жапаров эл өкүлдөрүн күнөөлөбөгөнүн айтып, «кырдаалды колго алган үчүн алдыңарга келип жооп берип жатам» деп жооп берди.

ДЕПУТАТТАР ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Жогорку Кеңештин депутаттары 9-11-ноябрь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен жолугушат.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим ЖКнын 3-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды.

7- 8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген. Буга байланыштуу өлкөдө 5-6-7-8-ноябрь күндөрү дем алыш болот.

ЖУРНАЛИСТ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Бүгүн, 4-ноябрга караган түндө журналист Санрабия Сатыбалдиева менен оператору Калыс Аширбеков кармалды. Маалыматка караганда, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Анын колунда 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар. Ал эми кармалган Сатыбалдиева комментарий берип, уюштурулган иш деп атады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«3-ноябрда 2000 долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды. Сатыбалдиева “MIR24.KG” маалымат порталынын жетекчиси жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери экени айтылууда. Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүгү үчүн шектелип маалыматтык порталдын оператору Б.у.К. кармалды» , — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жогорку Кеңешин депутаты Тазабек Икрамов бул окуянын айланасында Govori.TVга комментарий берип, Санрабия Сатыбалдиева журналист Баяна Кулованын арызынын негизинде кармалганын билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кош бойлуу айымдын камалганын сындады.

Кармалган жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КЫЛМЫШТУУЛУК АЗАЙДЫБЫ?

2022-жылдын 9 айында өлкө боюнча 36 миң 696  кылмыш иш козголгон. Анын 34 миң 226сы ички иштер органдары тарабынан ачылган. ИИМдин маалыматына караганда, быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактынын бети ачылган. Сот органдарына 14 миң 124 кылмыш иши жиберилди. Өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 43 миң 159 кылмыш катталган.

Ички иштер министрлиги быйыл 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48%га азайганын билдирди. Анын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылык 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн.

«Заманбап ишмердиктин натыйжасында 9 айда өндүрүштө турган кылмыштардын бетин ачуу 12%  жакшырган. Милицияга жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, санарип тармагын өнүктүрүү боюнча дагы кошумча 10 программаны ишке ашыруунун үстүндө эмгектенип жатабыз. Жалпылап айтканда 9 айда аткарылган иш-чаралар — элдин коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, жаңы метод менен ишмердик алып барууга арналды» , — деди Ички иштер министри Улан Ниязбеков.  

АВАРИЯЛЫК МЕКТЕПТЕР

Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептердин 14үнүн курулушун Дүйнөлүк банк каржылап бергени жатканын 4-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик курулуш мекемесинин жетекчисинин биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, атайын мекеме аралык комиссиянын чечими менен өлкөдө 245 мектептин имараты авариялык абалда болгондуктан пайдаланууга жараксыз деп табылган.

Бүгүнкү күндө алардын 29 салынып, ремонттолуп бүттү. 133үндө курулуш иштери жүрүүдө. 68 мектеп боюнча каржы булактары аныктала элек.

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл 7-июнда билдирип, алар окуучулар бекер колдоно ала тургандай интернет байланышы менен камсыз кылынарын айткан.

Количество просмотров: 1580