• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Көрүстөндөгү жарым жылаңач кыздын сүрөтү. Мындай иштер үчүн жазалоого болобу? (Сүрөт)

4 Бирдин айы 2019 18:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019.Govori.TV.

Мусулман көрүстөнүндөгү жарым жылаңач моделдин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларынын массалык нааразычылыгына туш болду.

Фото: Артур Болжуров

Бул иштин автору — кыргызстандык сүрөтчү Артур Болжуров. Ал өзүнүн сүрөтүн фейсбукка жарыя кылып, бул сүрөт Ысык-Көлдө 2008-жылы тартылгандыгын билдирди.

Фото: Артур Болжуров

Бул чыгарылыш көптөгөн интернет колдонуучулардын нааразычылыгын туудуруп, сүрөтчү менен моделдин дарегине сан миңдеген наалаттар жамгырдай жаады. Сүрөттү алып салууну талап кылышты.V

Ысык-Көл облусунун ИИБ кайрылып сүрөтчүнүн жана моделдин бул кылыктарынын мыйзамга каршы жагы барбы деген суроо узатты.

Милиция мекемесинин маалымат кызматынын түшүнүк бергенине караганда, Болжуровдун бул иши «вандализм» беренесине туура келбейт. 
«Бул нерсе вандализм деп эсептелбейт, анткени эч нерсе бүлүнгөн жок: алар тосмону же эстеликтерди бузган жок», — деп түшүндүрүштү ички иштер башкармасындагылар.

Бирок маркумдун туугандары сотко кайрылышса болот, өлгөн адамды кордоо катары жоопко тарттырышса болоорун кошумчалап өтүштү.

Сүрөт быйыл бирдин айынын экисинде жарыяланган. Бүгүн автор ал чыгарылышты өчүрүп салды.

Булак: Vesti.kg

Количество просмотров: 35