• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Көз карандысыз байкоочулар: Шайлоого жакын 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү

28 Аяк оона 2020 11:17 Бишкек Govori.TV

«Жалпы иш» коомдук фондуна шайлоого байланыштуу 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда «Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Тариэль Аалиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды.

««Жалпы иш» коомдук фонду алдыдагы парламенттик шайлоого карата көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат. Бизге 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Алар добуш сатып алуу, администрациялык ресурсту колдонуу, №2 форма жана үгүт иштеринде кетирген катачылыктар боюнча кайрылуулар. Биздин байкообуз боюнча БШК партияларга онлайн түрдө съезд өткөрүүгө сунуш киргизгенине карабастан мурункудай эле салттуу түрдө өткөрүлүп келүүдө. №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактыларына байланыштуу бардык облустун прокуратураларына, Ошондой эле Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Бүгүнкү күндө жооп берише элек»,-деди Аалиев.

Кошумчалай кетсек, «Жалпы иш» коомдук фонду – коммерциялык эмес фонд. Ал Кыргызстандагы парламенттик шайлоого мониторинг кылуу, жарандарды окуткан, атуулдарды башкаруу процесстерине активдүү катыштырууга көмөк көрсөткөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

Количество просмотров: 77