Бишкек.07.03.2019.Govori.TV.
Мелис Мырзакматов 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.
Куттуктоонун текст:
Урматтуу ак элечек апалар!
Кадырлуу эже-карындаштар!
Баардыгыңыздарды жаз менен кошо кирип келген 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен ак дилимден куттуктайм! Сиздердин коомдогу, үй-бүлөдөгү ролуңуздар эбегейсиз экенин тана албайбыз. Эзелтен кеменгер кыргыз элинде “Аял — үйдүн куту” – деп айтылып келген эмеспи. Сиздер бир гана үйүбүздүн куту эмес, жашообуздун шам чырагы, жан-дүйнөбүздү көрккө бөлөгөн жароокер жан экениңиздерди канча айтып, алкасак да жарашат. Сиздердин жашооңуздардагы эң маанилүү майрам-шаң алдында ар бириңиздерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана бейпил турмуш каалайм!!!
Сүйүктүү асылзаада айымдар!
“Эгерде жакшылык жасоонун энциклопедиясы түзүлсө, анын баарысын аялдар ээлеп алмак” – деген таасын кеп да бекеринен чыкпаса керек. Сиздердин чексиз мээримдүүлүгүңүздөр менен жасалган жакшылыктардын өлчөмүнө сан жетпейт. Баардыгыңыздарга жаз күнүндөй жаркын маанай жана жайдары көңүл каалайм! Эң башкысы алтын башыңыздар аман болуп, маанайыңыздар эч качан түшпөсүн! Ар убак жүзүңүздөрдөн бактылуулуктун жышанаасы кетпей, сиздер үчүн дүйнөдөгү баардык жакшылыктардын эшиги ачык болсун! Ала-Тообузда тынччылык болуп, элибиз аман, эл ичинде сиздер аман болуңуздар!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен биздин сүйүктүү айымдар!!! Баардыгыңыздарга башымды ийип таазим кылган уулуңар жана замандашыңар Мелис Мырзакматов, “Улуттар Биримдиги” партиясынын төрагасы.