• Шаршемби 17 Чын куран 2024
  • Среда 17 Апрель 2024

Кадамжай ооруканасында уурулук кылып жүргөн жаран Оштон кармалды

13 Чын куран 2023 13:00 Бишкек Govori.TV

Кадамжай ооруканасында уурулук кылып жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай аймактык ооруканасынын эки кызматкери 5-апрель күнү иш бөлмөлөрүнөн ичинде акча, банк карталары, жарандык паспорттору менен капчыктары уурдалганын билдиришип, милицияга арыз жазышкан.

Бул арыздар Кадамжай райондук милициясына катталып, КР Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Ошентип, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 7-апрелде Ош шаарынан мурда сот жообуна тартылган 65 жаштагы тургуну У.Х. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы күндө уурдалган нерселер өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 81