Бүгүн, 6-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда өз алдынча көмүр казуу учурунда 3 адам истүү газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн болжол менен саат 13:00дө Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз участкасында болгон. Каза болгондор Кызыл-Кыя шаарынын жана Ноокат районунун тургундары болушкан.
Алар:
— 1998-жылы туулган А.Ажибек, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну;
— 1986-жылы туулган М.Толкун, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Кулуштан айылынын тургуну;
— 1986-жылы туулган Т.Баит, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылынын тургуну.
Кошумчалай кетсек, каза болгондор кароосуз калган жерден жана техникалык коопсуздук сакталбаган шахталардан көмүр казып келишкен.