• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Кафеде туристтерге орой мамиле жасалды деген окуя боюнча милиция маалымат таратты

19 августа 2022 в 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Панфилов паркындагы кафелердин биринде чет элдик жарандарга карата кызматкерлер орой мамиле жасап,эсепке ашыкча акча кошуп коюшканы тууралуу маалымат соцтармакка жарыяланган.

Бул окуя боюнча, милиция маалымат таратты. Ага ылайык 18-август күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө «102» кызматынан Бишкек ш. Панфилоф көчөсүнүн “Веренда” кафесинин администратору «башка улуттун жарандары счетту төлөбөй жатат” деп маалымат берген.

«Келип түшкөн маалыматты текшерүү максатында аталган дарек боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыккан, жана окуя болгон жерге барган учурда А.Э., түшүнүк кат алынып, анда ал: 18 август 2022 жылы, саат 22:30 чамасында башка улуттагы коноктор келип “ Веренда” кафесине келип ызычуу салып счетту төлөбөй кетип баратканда милиция кызматыны чалганбыз, бирок милиция кызматы келгенде келтирилген чыгымды толугу менен төлөп беришти. Ошол себептен А.Э арыз жазуудан баш тартты», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын МЭЖне катталган. «Фейсбук» баракчасына жарыяланган маалымат боюнча терөө бөлүмү текшерүүгө алды, текшерүү аяктаган соң юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 131

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда