• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кайрат Чокеев Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынан чыгарылды

9 Бештин айы 2021 18:22 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууда аты аралашкан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарылды.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кайрат Чокеев Антикоррупциялык кеңештин Чүй районундагы аймактык өкүлдөрүнүн коомдук башталыштагы мүчөсү болгон жана облустук өкүл болуп дайындалган.

«Кайрат Чокеевдин «Ата Мекен» партиясынын лидерине кол салганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган материалдардын негизинде, Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин  статусуна туура келбеген аракеттери жана жоруктары үчүн Чокеев Чүй облусундагы облустук өкүлчүлүктүн курамынан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешине мүчө болгонун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Количество просмотров: 722