• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кайрат Нуртас жубайын телевиденияда иштетпей койду

12 Жалган куран 2019 9:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

Казак ырчысы Кайрат Нуртас жубайы Жылдыз Абдукаримованы телевиденияда иштетпей койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Tengri TVга берген маегинде билдирди.

Жылдыз Абдукаримова 2018-жылдын күзүндө казак телеканалдардын биринде «Шаңырык» телеберүүсүн алып барып баштаган.

«Мен өзүм үйдө сейрек болом. Анан келсем Жылдыз жок. Ал жумушта болуп калат. Мен өзүм балдарга көңүл бөлө албайм. Андыктан, Жылдыздын балдар менен болгонун туура көрдүм. Кызганыч дагы бар», — дейт ал.

Жылдыз Абдукаримова буга чейин жары менен бирге «Ангел» тасмасына тартылган. Аны Кайрат Нуртас өзү каржылаган.

Количество просмотров: 31