Камчаткада куткаруучулар кулап түшкөн Ан-26 учагынын бир «кара кутусун» табышты. Жүргүнчү ташыган учак 6-июлда кырсыкка учурап, ичиндеги 28 кишинин баары каза болгон.
«Интерфакс» агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып, алгачкы текшерүүдө «кара кутунун» жабыркаган жерлери аныкталбаганын кабарлады.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учкан жүргүнчү ташуучу Ан-26 учагы туман каптап турганда конууга аракет кылып, аскага сүзүлгөн.
Куткаруучулардын пикиринде, кырсыкка начар аба ырайынан тышкары техникалык мүчүлүштүктөр жана учкучтардын катасы себеп болушу мүмкүн. Учакка ээлик кылган Камчатка авиаишканасынын жетекчилиги учактын техникалык абалы жакшы, экипаж мүчөлөрү тажрыйбалуу болгонун билдирүүдө.