Политология илимдердин доктору Канатбек Азиз “Ата Мекен” фракциясынын катарынан чыкты. Эми фракциянын мурдакы юристи эмне үчүн мындай чечимге келгенин айтып берди.
Анын айтымында партиядан кетүү чечими Акыйкатчылыкка сунуштоодон мурун эле кабыл алынган.
“Мен бүтүн элдин кызыкчылыгын жана проблемаларын биринчи орунга алып чыгып жаткан соң эч кандай партиялык көз караш болбосу зарыл. Бул ойду “Ата Мекен” партиясы да колдоп беришти. Айта кетсем, чечимди Акыйкатчыны тандоо болгондон кийин кабыл алдык. Фракциядан өз каалоом менен кеттим”,- деген оюн айтты Канатбек Азиз.
Юрист мурдакы партиялаштарына эч кандай таарыныч маселелери жок экенин белгиледи.
Мындан сырткары “Бул чечимди партия мүчөлөрү менен да, Өмүрбек Текебаев менен да ал бейтапканада жаткан учурда талкууладым. Жана дагы фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен бир катар сүйлөшүүлөр болду. Эч кандай таарынычтар, пикир келишпестиктер болгон жок”,- деди Канат Азиз.
Канатбек Азиз: Жапаровдун Рахмон менен бир дасторкондо олтуруп маек курганы кызык болмок
Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Канатбек Азиз соцтармактагы баракчасы аркылуу президенттин Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы …