• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кантта уурдалган бала табылды деген маалымат жалган

11 Чын куран 2019 18:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.04.2019.Govori.TV

Бүгүн саат 09:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынан өспүрүм бала уурдалгандыгы кабарланган. Мындан көп өтпөй социалдык тармактарда баланы табылды деген маалымат тараган. Чүй ОИИБден мындай маалыматтын жалган экенин билдиришти.

“Учурда уурдалган баланын табылганы тууралуу социалдык тармактарды маалыматтар тарап жатат. Ага чет элдик жаран уурдаган деген кептер дагы айтылган. Бул маалымат жалган. Учурда иликтөө иштери дагы деле жүрүп жатат. Мындай маалыматты таратпоого жана ишенбөөгө чакырабыз”,-дейт мекемеден.

Жоголгон баланын ата-энеси дагы бул маалыматты төгүндөдү. Алардын айтымында табылгандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. Учурда кабар күтүшүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 14