Кара-Көл милициясы тарабынан 1,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-9-август күндөрү Кара-Көл шаарынын аймагында «Кара-Куурай» аталышындагы ыкчам
иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө 1 (бир) гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынган.
Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.