• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кара-Көлдө каракчылыкка шектүү делген жарандар кармалды

9 Чын куран 20199:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.04.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында каракчылыкка шектүү делген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрель түнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Кара-Көлдүн чет жакасында «Subaru» үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары аны кууп, тапанча менен коркутуп, эки миң сомдон ашык акчасын алып кетишкенин айткан.

Аталган окуяга шектүү делип 3 жаран кармалды, алардын бири 17 жашта экени айтылууда. Унааны тинтүү маалында ичинен тапанча, бычак, акча каражаты жана документтер табылды.

Теги:
Количество просмотров: 18