Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Хонда Одиссей унаасы менен Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 373-чакырымындагы (Капчыгай тилкеси) кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.
Жерине Кара-Көл шаардык №94 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар каза болгон аял кишини унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми, жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары оор.