• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кара-Кулжада мындан ары үчүлүк, жетилик, кырктык өткөрүлбөйт

19 Жалган куран 2019 17:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда өлүм-житимдеги ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюлду. Бул тууралуу “Калыс Медиага” акимдин орун басары Канболот Тутуев билдирди.

Жакында райондун активи, аксакалдар кеңеши, жаштар жыйын өткөрүп, атайын резолюция кабыл алган. Ага ылайык, мындан ары өлүм-житимде бир жылкы же эки кой союлсун, үчүлүк, жетилик, кырктык өткөрүлбөсүн деген чечим кабыл алынган. Мындан сырткары, себет көтөрүүгө, калпак-жоолук алып барууга, көк кийүү, жыртыш таратуу, жылдыкта сарпай кийгизүү, чай ичирүүгө союш алып баруу, үйгө коноктоого тыюу салынды.

Ошондой эле куран окутулган учурда дасторконго нан менен боорсок гана коюлсун деген шарт коюлду.

Чектөөлөрдүн жобосу иштелип чыгып, ар бир айыл өкмөткө жөнөтүлгөн. Канболот Тутуевдин айтымында, аны көпчүлүк жергиликтүү кеңеш депутаттары бекитип беришкен.

“Ар бир айылда айыл башчы, айылдын молдосу, жергиликтүү кеңештин депутаттары, актив, жаштар, аялдардан турган комиссия түзүлүп, жаман-жакшылыкта ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча катуу күрөшүү тапшырмасы берилген. Акыркы 3-4 тажияда жылкы союлган жок“,-деди Тутуев.

Ысырапкерчиликти азайтуу боюнча райадминстрациянын алдында түзүлгөн комиссия айыл өкмөттөрдө түзүлгөн комиссиялардан айына бир жолу отчет алып турмакчы.

Булак: “Калыс Медиа”

Количество просмотров: 34