Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы ресторандардын биринде бийлеп жаткан мейман каза болду. Маркумдун өздүгү такталып, 1964-жылы туулган К.З. жээнинин 2-декабрдагы үйлөнүү тоюна катышуу үчүн Караколго келгени маалым болду.
Ал той учурунда бийлеп жатканда өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкондо жерге кулап түшкөн. Аны дароо ооруканага жеткиришип, бирок дарыгерлер көз жумганын айтышкан. Маркумдун денеси ошол түнү Бишкектеги үйүнө жөнөтүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум кант диабети менен жабыркап жүргөн.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …