Казакстандын Алматы шаарында карантин учурунда мыйзамсыз иштеп жаткан казино табылды. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, казино Казакстанга өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта иштеп баштаган. Анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу үчүн 25-апрелге караган түнү масштабдуу операция жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында шаардын борборунда жайгашкан имаратта кумар оюндарын ойногону үчүн 30 адам (кызматкерлер жана кардарлар) колго түшкөн.
«Казино уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иш козголуп, кармалгандарга карата административдик протокол түзүлдү»,-деп жазылат маалыматта.