Социалдык түйүндөрдө Айгерим Иманалиева аттуу жаран алар жашап жаткан батирдин ээси бүгүн, 10-апрелде эшикке кууп чыкканын билдирип, баракчасына видео жүктөдү.
Видео материалда автор карантин маалында батирге акча төлөй албаганынан улам, аларды батирдин ээси үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылганын билдирген.
Мындан көп узабай, аталган жаран жергиликтүү басылмалардын бирине төмөндөгүлөрдү билдирген.
«Батирдин акчасын 7-апрелде төлөшүбүз керек болчу. Учурда кырдаалга байланыштуу жумушубуз токтоп калды. Батирдин ээсине бир аз күтө туруусун сурандык, бирок ал сөзгө көнгөн жок. Бүгүн бизди батирден чыгарып салды. Балдар менен кыйын абалда калдык», — деп билдирген Иманалиева.