• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Карантинде таратылган гумжардам боюнча кылмыш иши козголду

8 Кулжа 2020 15:52 Бишкек Govori.TV

Карантин убагында Бишкек шаарынын аймагында гуманитардык жардам тегиз таратылган эмес. Ал эми №19 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев маалымдады.

Анын айтымында №19 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын башчысы кызматтан бошотулду. Түлөбаев баш калаада гуманитардык жардамды карантин маалында бир нече ирет алган жарандар жана жардам такыр колуна тийбегендер болгондугун моюнга алды.

“Ушундай адамдар болот. Биз бардыгына тегиз таратып бергенге жетишпей калдык. Бирок, бизге УКМК, ИИМ тарабынан көзөмөл күч. Учурда бир ЖАБнун башчысы жана эки-үч кварталдык кызматкер сурак берүүдө. Ошол эле маалда мен 95 пайыз гуманитардык жардам негиздүү таратылгандыгын айта алам”, – дейт Балбак Түлөбаев.

Количество просмотров: 4123