Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда коронавируска байланыштуу абал курч болууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ал белгилегендей, учурда Ат-Башы, Жумгал, Кочкор районунда абал жакшы. Нарын районунда абалды туруктуу кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Каратаевдин айтымында, Нарын облусундагы биринчи учур Нарын шаарында 28-мартта катталган.
«Ал жаран Пакистандан келген», — деди ал.
Экинчи учур Ат-Башыда катталып, Ош, Баткенден дааваттан келген жарандан коронавирус аныкталган. Үчүнчү учур Кочкор районунда катталып, Пакикстандан келген жарандан коронавирус чыккан.
«Андан кийин 7-апрелде Кочкордо Делиден келген жарандан коронавирус табылган», — деди ал.
Каратаевдин айтымында, 194 учурдун 85и Нарын шаарында, Ат-Башыда – 77, Жумгалда – 14, Ак-Талаада – 10, Нарын районунда – 5 жана Кочкор районунда 3 учур катталган. Учурда облуста коронавирус жуктурган 68 киши бейтапканаларда дарыланып жатат.
«Катталгандардын көпчүлүгү медицина кызматкерлери болуп жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ичинде да көп учурлар катталды», — деди ал.