• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кардан көрүнбөй калган чийинден өтүп кеткен айдоочуларга айып салынбай

2 Бештин айы 2019 16:52 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Тилек Оторов радиолордун бирине маек берип жатып, жааган кардан көрүнбөй калган чийинден өтүп кеткен айдоочуларга айып салынбай турганын билдирди.

Анын айтымында, жол чийиндерин кар басып, айдоочу андан ашып токтогон болсо, анда ал эреже бузуу катары эсептелбейт.

«Автоматтык система каттоого алган күндө да Мониторинг борборундагы кызматкерлер токтомду жокко чыгарат», — дейт ал.
Кошумчалай кетсек, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайган.

Количество просмотров: 354