Бишкек.16.01.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында картошка меселесин көтөрүштү.
Депутат Максат Сабиров эмне себептен картошка маселеси дагы эле чечиле элек деп суроону айыл чарба министирлигинин өкүлдөрүнө узатты.
“Азыр картошка 3-4 сомдон сатылып, дыйкандар ыйлап жатышат. Эмне үчүн экспорт маселесин чечкен жоксуңар?”,- деди Сабиров.
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев суроолорго жооп берип жатып, маселе чечилип жаткандыгын айтып, жооп берүүдөн тайсалдады.
“Биз агропродкорпорация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Баардык структуралар менен иштеп жатабыз. Бирок… ошондой болот экен да”,-деп алакан жайды министрдин орун басары.
Депутат Сабиров бул маселеге байланыштуу айыл чарба министрлиги мониторинг жүргүзбөй, экспорт боюнча суроолорду чечпей жаткандыгынан чыгып жаткандыгын айтты.
Депутат Айсулуу Мамашева айыл чарба министрлигинин айткан сөздөрү ишке дал келбей жаткандыгына токтолду.
“Силердин сөзүңөр салмактуу болуш керек. А силер жөн эле айтып коюп элди алдап жатасыңар”,- деди Мамашева.